Милиция кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан шектүүлөрдүн баарын (жалпы 4 адам) кармады.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, акыркы болуп кармалгандардын бири Т.К. 1995-жылы туулган. Ал Бишкек шаарында колго түшүрүлдү.
Экинчи шектүү Н.О. 1991-жылы туулган (сүрөттө сол жакта). Ал Жалал-Абад облусунда кармалды.
Сотко чейинки тергөө иштери уланып жатат.
Буга чейин 2 шектүү кармалган.
– Шектүү — 1989-жылы туулган З.Р.
– Шектүү — 1992-жылы туулган Р.А.
27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, андан кийин муунтуп өлтүргөн шектүү Россияда 3 ирет сот жообуна тартылган. Бул маалыматты 8-апрелде АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.
Алгач кызды, андан кийин өзүн-өзү өлтүргөн Теңизбаев Замирбек Абдыкаарыевич 1985-жылы 22-апрелде Ош облусунда төрөлгөн.
- 2008-жылы Россиянын Омск шаарында уурулукка байланыштуу 3 ай абакта болгон.
- 2009-жылы талап-тоноого байланыштуу Красноярскта сот жообуна тартылган. Ал 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.
- 2012-жылы каракчылык боюнча Москва шаардык соту 5,6 жылга эркинен ажыраткан. Күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында жаза өтөп, 2017-жылы эркиндикке чыккан.
Андан кийин Кыргызстанга кайтып келген.
Бүгүн эртең менен Бишкек ШИИБ уюштурган маалымат жыйында З.Теңизбаев алгач батирде жашап жүрүп, акыркы 2-3 айда унаада жашаганы айтылган.
Булак: “Баракелде кж”