“Бир жөөлүп коюптур”! Болгонбаев маркум Иманалиев менен Ажыматовду ууландырган деген видеого пикир айтты (Видео)

834

Кечээ, 8-апрель күнү интернет тармагында, өзүн котормочулук менен алектенем жана жөнөкөй бир адаммын деп тааныштырган жаран, маркум Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовду ууландырып өлтүргөн деген видео кайрылуусу тарады.

Анда ал мурдагы бийлик менен калмак уруусунан тарагандар бул ишти жасаганын билдирип, акындардын өлүмүнө күнөөлү деп эсептээрин айтып чыкты.

Учурда бул айтылган сөздөр коомчулукка тарап, резонанс жаратууда.

Бирок мындай ойду айрым акындар туура эмес деп эсептейт. “Элдик Медиа” порталы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаевдин пикирин укканыбызда, ал төмөндөгүчө жооп берди.

“Бул нерсе таптакыр кереги жок болчу, чындыгында кечээ муну уккандан бери “нервный срыв” болуп жатам. Бул нерсе логикага сыйбай турган нерсе, ал өзүнүн арманын айтып эле… Атактуу бирөөнү кошуп койсоң эле окуяң атактуу болуп кете тургандай болуп, ошентип бир жөөлүп коюптур. Ал кишинин өзүнөн сураш керек го деп жатам. Бирок бул нерсе чындап келгенде, адамдык фактор менен алып караганда деле туура эмес”, -дейт Болгонбаев.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь