“Интернет аркылуу сүйлөп жаткан кишинин айткандарына ишенбеӊиздер”. Маркум Ажыматовдун жубайы кайрылуу жасады

722

Жолдош Жусупов аттуу жаран, “фейсбук” жана “ютуб” аркылуу маркум акындар Эльмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдун атын колдонуп, билдирүү тараткан. Анда, акындарды Экс-президент Сооронбай Жээнбеков атайын ууландырып өлтүргөн деп айтылат. Мындай билдирүү социалдык желелерде талкууга түштү. Зайырбек Ажыматовдун жубайы Анара Жансариева бул маалыматты угуп, жалаа таратып жаткандарга нааразы болуп “коом.пресс” сайтына бул тууралуу пикирин билдирди:

“Интернетте сүйлөп жаткан адамды тааныбайм. Мындай билдирүү таратканы бизге абдан катуу тийип, кайгыбызды кайра козгоду. Эгер ал кишинин Жээнбековго кеги болсо, акындардын атын аралаштырбай, таарынычын айта берсин. Маркумдардын арбагын козгоп, өзүнүн жеке максатын популярдуу кылыш үчүн Жээнбековго жалаа жаап жатканы кечирилгис күнөө деп эсептейм. Тескерисинче, Сооронбай Жээнбековдун моралдык дагы, материалдык дагы колдоосу көп болгон. Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер наамын дагы берген. Интернет аркылуу сүйлөп жаткан кишинин айткандарына ишенбеӊиздер. Жээнбековдон эч кандай шектенүүгө себеп дагы болгон эмес. Каза болгон күнү жакындап, эскерүү жылдыгын өткөрүүгө камынып жүрөм. Ушак таратып жаткандарга менин үнүмдү жеткирип койгулачы”-деди акындын жубайы.

Булак: “Коом.пресс”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь