Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Албина Бапиеваны табышты, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Буга чейин укук коргоо органдарына 18 жаштагы Албинанын жакындары кайрылган. Алар Албина кечээ, 8-апрель күнү саат 8:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Октябрь РИИБдин кызматкерлери өспүрүмдү бүгүн, 9-апрелде Аламүдүн районунун Ленин айылындагы кафеден таап, туугандарына өткөрүп беришти.