Башына темир менен чапкан! Караколдо мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, бирөөсү оор абалда ооруканада (Видео)

1 045

Кечээ, 9-апрель кечке жуук Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектептин оюн талаасында, жогорку класстын окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Мушташтын кесепетинен бир окуучу оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу “Элдик Медиа” маалымат агенттигине мушташтан жабыркаган окуучунун жакындары билдирди.

Алардын айтымында, коңшулаш айылдан келип окуган балдар менен ошол айылдын балдарынын ортосунда жаңжал жаралып, аягы мушташка айланып кеткен. Мушташ учурунда, 2002-жылы туулган Оболбеков Али катуу зат (темир) менен башына сокку жеп, эс-учун жоготуп кулаган. Ошол учурда Алинин жанында болгон дагы үч-төрт окуучу окуя болгон жерден качып кетишкен. Алар кайра кайтып келгиче, Али ур-тепкиге калып катуу сабалып калган.

“Ошол эле мектептин балдары, бирок кошуна айылдан келип окушат экен. Анан мушташ учурунда биздин баланы аркасынан темир менен башына чаап жиберишиптир. Ал эс-учун жоготуп ошол жерде жатып калган. Жанында үч-төрт бала бар экен, бирок алар качып кетип кайра кайтып келгиче жерде жаткан жеринен Алини сабап салышкан”, -дейт жабыркаган баланын ата-энеси.

Эс учун жоготкон Алини классташтары түнкүсүн үйүнө алып келишкен. Ал учурда баланын ден-соолугу начарлап, тез жардам чакырууга муктаж болушкан.

Учурда балага облус ооруканасынан биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бирок Алиге операция жасоого туура келип, ал Бишкекте жасалгандыктан борборго чыкканы жатабыз дейт жабыркаган баланын атасы Азамат Нурмаметов тынчсызданып. Анткени башынан катуу сокку жеген уулунун келечеги аларды ойлондурууда.

Ал эми бул иш боюнча, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Сабаган балдар тууралуу маалыматтар тактала элек.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь