Бишкекте 14 жаштагы Айбийке изделип жатат

222

Бишкек шаарында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке Мамбеталиева изделип жаткандыгын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 8-апрелде милицияга борбор калаанын тургуну Ж.А арыз менен кайрылып, 2006-жылы 18-майда туулган кызы Мамбеталиева Айбийке Талантбековнаны табууга жардам сураган.

Апасынын айтымында, ал 7-апрелде саат 10:30 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ушул убакка чейин жоголгон кыздын дайыны белгисиз. Бул факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин КЖБРге катталды.

Кыздын белгилери: Бою болжол менен 145-150 см, чачы узун.

Ал кара жазгы куртка, кара шым, кара бут кийим кийген жана рюкзагы болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь