“Кудайберген” базарында адам өмүрү кыйылды (Видео)

325

Бишкектеги «Кудайберген» базарында адам өмүрү кыйылганын 9-апрелде жергиликтүү басылмалардын бирине Анна Богданова билдирген. Анын маалыматы боюнча, иниси Артур Богданов 3-апрелде саат 15:39 чамасында бычакталып, оор жаракаттын кесепетинен көз жумган.

«Артур ошол базарда иштеп жүргөн. Ошол күнү 3 дос барыптыр. Алардын ортосунда уруш чыккан», – деди Богданова.

Анын айтымында, Артур щетка менен урса, шектүү А.Николай ага бычак шилтеген.

«Милиция дароо эле келди. Жанындагы 2 адам кармалып, бирок кайра бошотулган. Алар күбө болушат деп айтышты. Николай кармала элек», – деди А.Багданова.

Богданованын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери арызды дароо кабыл алышкан эмес. Жабырлануучу тарап шектүү Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалыматты алышкан.

32 жаштагы Артурдун артында жаш баласы жана кош бойлуу жубайы калды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь