Москвада таксист унаасында уктап калган кардарын зордуктаган. Кылмышка шектүү Кыргызстанда туулган жаран болуп чыкты

2 771

Москва шаарында таксисттин унаасында уктап калган кардар аял, зордуктоонун курмандыгы болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелге караган түнү болуп, 1984-жылы туулган жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.

Аялдын айтымында, ал корпоративдик кечеден чыгып мобилдик тиркеме аркылуу такси чакырып, спирттик ичимдик ичип алгандыгы үчүн таксиде уктап калганын билдирген.

Бул абалдан пайдаланып аны таксист зордуктап жаткан учурда ойгонуп кеткенин белгилеп, айдоочуга карата чара көрүүнү суранган.

Кылмышка шектелип 9-апрелде 26 жаштагы Кыргыз өлкөсүндө туулган жаран кармалды. Ал кылган кылмышын моюнуна алып, “зордуктоо” беренесинин негизинде тергөө иштери уланып жатат деп айтылат маалыматта.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь