Мурда кылган кылмыштары үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам кармалды. Бул тууралуу брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Бит-Аврагим Атур билдирди.
Анын айтымында, териштирүү учурунда 2 шектүү депутаттыкка талапкер экенин айтышкан эмес. Аларга чара көрүлдү.
Жогорудагы 2 шектүү буга чейин жасалган алдамчылык жана бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу кылмыштары үчүн кармалды. Бул кылмыштар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган.