Мелис Мырзакматов: “Ош шаарында шайлоонун таза өтүшүнө күмөнүм бар” (Видео)

242

Бүгүн, 11-апрель Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү башталды.

Шайлоо Ош шаарында да өтүп, катышуучулар активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

№5277 шайлоо участогуна саясатчы, коомдук ишмер Мелис Мырзакматов дагы барып добушун берди.

“Эрте мененден баштап эле шайлоочулар аябай активдүү, байма-бай келип жатышат. Буйруса алдыга койгон максаттардын баары орундалат. Референдум дагы жакшы ийгилик менен элдин колдоосун табат деп ойлойм”, -деди Мырзакматов.

Мындан тышкары ал, Ош шаарында шайлоонун таза өтүшүнө күмөнү бар экенин кошумчалап өттү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь