Ошто милиция кызматкерлери журналисттерге тоскоолдук жаратууда (Видео)

512

Ош шаарындагы №5319 шайлоо участогундагы шайлоонун жүрүшүн камерага тартууга милиция кызматкерлери журналисттерге тоскоолдук жаратты.

“Элдик Медианын” кабарчысы эмне себептен ичкериге кирип тарканга болбойт деп, милиция кызматкерине суроо узатканда ал, мэрияда иштеген адамдын атап, киргизбегиле деген буйрук алганын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн 11-апрель Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү өтүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь