Ош шаардык мэриясынын башкармалыгынын башчысы шайлоо участогунда мыйзамсыз отурабы? (Видео)

246

Бүгүн, 11-апрель Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүүдө.

Ага ылайык, Ош шаарында да шайлоо активдүү жүрүп жатат. Бирок, айрым шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар орун алууда.

“Элдик Медианын” кабарчысы Оштогу шайлоо тилкесинин бирине барганда, өзүн мэриядан келгенмин деп тааныштырган адам шайлоо участогунда таңкы сегизден бери шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп отурган.

Ош шаардык турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы, шайлоо тилкесинде отурган Эркин Аралиевге эмне үчүн шайлоо участогунда отурасыз деп суроо узатылганда, ал өзүн мэриядан жоопту инсан катары келгенин билдирди.

Ал эми, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бул кырдаалга төмөндөгүчө жооп берди.

“Бизге мэриядан келдим деди, бул жерге отуруу мыйзамсыз экени айтылды, бирок… бирок кетпей олтурат дейт”, – ал.

Окуянын чоо-жайын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь