Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын спортчусу Эрназар Акматалиев Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган квалификациялык мелдеш өтүүдө.
Акматалиев 65 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан тарта катышууда. Ал түркмөнстандык, өзбекстандык балбанды жеңип финалга чыккандыгы үчүн Олимпиада оюндарына жолдомо алды.