Анжелика Кайратова: “Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам”

872

Ырчы Анжелика Кайратова Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калды деген маалымат чындыкка дал келбейт деп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, партияга беш мандат берилет, бирөөсүнүн ордуна ал өз каалоосу менен депутат болуп бара алат.

“Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым -элге кандай болсо дагы пайда алып келүү!!! Ден -сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!
Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечеке жол курган жаштардан болобуз!!!
Бул жеңиш бизге оңойго турган жок “, -дейт ырчы айым.

Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өткөн. Бишкек шаардык кеңеште жалпы 45 мандат бар. Аны 7 пайыздык чектен өткөн 6 партияга бөлүштүргөндө депутаттардын болжолдуу тизмеси белгилүү болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь