Бишкектин укук коргоо органынын кызматкерлери жоголуп жаткан кызды табышты. Ал үйдөн чыгып кетип кайра кайтып келбей жаткан. Эми табылган соң ал ата-энесине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Бишкектин ШИИББсинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Белгилей кетсек, 9-апрелде Свердлов ИИБсине кат жүзүндөгү арызы менен И.И. кайрылып, анын 2007-жылы туулган өспүрүм кызы Сыдыкова Феруза Эрлановнаны издешүүгө жардам берүүнү суранган.
Свердлов районунун ИИБсинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 7-апрелде, болжол менен 14:30да Новосельская көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Өспүрүмдүн кайда экени белгисиз болчу.
Милиция кызматкерлери шаарды тинтип, Ферузаны аман-эсен ата-энесине кайтарып беришти, деп бүгүнкү билдирүүсүндө жазылган.