БШКнын имаратынын алдында жеңилген партиялардын митинги өтүп жатат

113

Бишкекте БШКнын имаратынын жанында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо утулуп калган партиялардын өкүлдөрүнүн митинги өтүп жатат.

Нааразычылык акциясына “Улуу Журт”, KСДП, “Улутман” партияларынын тарапташтары катышты.

Митингчилердин бири Амантур Манапбаевдин айтымында, шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор аны кайра өтүүсүн талап кылышууда. Анткени шайлоочуларды акчага сатып алган.

Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек шаардык кеңешине алты партия кирген: Эмгек (13,87 пайыз), Ак Бата (12,15 пайыз), НДПК (10,7 пайыз), Ата Журт Кыргызстан 7 пайыздык тосмодон өттү (9,63 пайыз), Биздин Эл (7,73 пайыз) ), Ынтымак (8,3 пайыз).

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь