Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн кабыл алган.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту 20-мартта Асановду 26-майга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу тууралуу чечимин чыгарган.
Кошумчалай кетсек, Асанов 26-январда имаратты басып алган деген шек менен кармалган болчу.