Көчөдө кызды кууп жүрүп, сабап жаткан тасма боюнча иш козголду (Видео)

231

Интернетте көчөдө бир адамдын кызды кууп жүрүп, сабап жатканы тартылган тасма тараган. Тасма күндүз Бишкектин көчөлөрүнүн биринде тартылган. Анда 18-20 жаштардагы кыз эркектен качып, жолдогу кишилерден жардам сурап жатканын көрүүгө болот. Тасманы тартып жаткан адам милицияга маалымдап, окуя Бишкектин Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде болуп жатканын түшүндүргөнү угулат.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы тасмадагы окуя боюнча Биринчи май райондук милиция бөлүмү иш алып барып жатканын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Улан Жумаков “Азаттыкка” видеодогу келин аман-эсен экенин билдирди.

11-апрелде 19:00 чамасында Бишкектин Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 27 жаштагы Ш. Ж. аялын сабаганын аныктаган. Ш. Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь