Көчөдө кызды сабап, чет элдик номурлуу унаасын айдап кеткен

153

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда, 2021-жылдын 11-апрелде социалдык тармактарда “кызды уруп жатат” деген аталышында видео жарык көргөн.
Андан кийин саат 19:00дө Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кустанайский жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кызды уруп белгисиз жаран токмоктоп жатат деген,- маалымат келип түшкөн.
Жерине дароо милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу айым менен кайрылган.

Анда ошол эле даректен, ошол эле убакта арыз ээсинин Ш.Ж. аттуу чала таанышы арыз ээсин уруп денесинен зыян желтирип, андан ары “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү авто унаага отуруп, качып кеткен.
Багыттама берилгенден кийин кылмыш изи сууй элек, шектүүлөр катары “Мерседес Бенц” үлгүсундөгү авто унаанын 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь