Макулуктар болду го. Жашы жете элек 17 жаштагы кызды ала качкан 3 адам кармалды

133

Жайыл районунун Кара-Дөбө айылында 17 жаштагы кызды ала качууга аракет кылды деген шек 3 жаран менен кармалды.

Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма-сөз кызматы маалымдайт.

Маалым болгондой, 11-апрель күну жергиликтүү милицияга айыл тургуну кайрылып, анын жашы жете элек 17 жаштагы кызын ала качып кеткен белгисиз жарандарды таап берүүнү өтүнгөн.

Арыздын негизинде, милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү 3 адамды кармашты.

Белгилей кетсек, жакында эле Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качышып, бирок ал окуя өлүм менен аяктаган. Анда милиция өз ишин так аткарган эмес. Эгер ишин жакшы алып барганда Айзада Канатбекова балким тирүү калмак. Себеби, ал уурдалгандан кийин кыз өзүнүн апасы жана таежеси менен байланышка чыгып турган. Бирок, милиция Айзаданы издегендин ордуна кол шилтеп коюшкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь