Ош шаардык милициясына шайлоо боюнча арыз келип жатат

115

Ош ШИИББнин маалыматтардын электрондук журналына жалпысынан шайлоо процессине байланыштуу 121 арыз жана маалыматтар катталды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен кечээ күнү 44 арыз катталган.

“11 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 2 материал соттук кароого, 2 материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Калган маалыматтар текшерилүүдө. Текшерүү учурунда тастыкталбаган материалдар өндүрүштөн кыскартылат”, – деп айтылат маалыматта.