2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт. Тийиштүү токтомго премьер-министри кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, «Улуттук» статусуна, же «академиялык» наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20 пайызга көтөрүү боюнча кол коюлду.

Мурда өкмөттүн чечими менен «Улуттук» статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80 пайызга көтөрүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: