Ысык-Атада өгөй баласын сабаганын видеого тартып, аялына жөнөткөн жаран кармалды (Сүрөт)

301

Ысык-Атада өгөй атасы тарабынан сабалган төрт жашар баланын окуясы тергелип бүтүп, соттук кароого жиберилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 11-апрелде 23-февралда Ысык-Ата районунун тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал жарандык күйөөсү баласын сабаганын билдирген.

Бала — шектүүнүн өгөй баласы. Арыздануучунун айтымында, жолдошу баланы сабаганын видеого тартып, WhatsApp аркылуу жөнөткөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган К.К. атту жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык корутундуга ылайык, баланын ден соолугуна зыян келтирилген.

3-мартта тергөө аяктап, кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүп берүү үчүн Ысык-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Учурда бул окуя боюнча сот процесстери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь