Эртең, 13-апрелде таңга маал Орозо башталып, ооз бекитилет. Бул тууралуу маалыматты Муфтияттын маалымат кызматы таратты.
Берилген маалыматка караганда, бүгүн кечинде таравих намазы окулат.
“13-апрель күнү саат 04:40та ооз бекитилет. Кимде-ким орозо кармап жатса белгиленген убактыттан 10 мүнөт мурун ооз бекитип турганы жакшы. Орозонун биринчи күнүндөгү ооз ачар 19:46да болот”, — деди муфтияттын өкүлү.