Күнүмдүк архивдер 14:49 13.04.2021

Белгилүү спортчу беш адамды атып өлтүрүп, өзүнө кол салды

Улуттук Футбол Лигасынын мурдагы оюнчусу Филип Адамс беш кишини өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганын "Eurosport.ru" билдирди. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Филип Адамс 70...
video

Александровкада төрт унаа сүзүштү. Жаракат алгандар бар (Видео)

Бишкек – Ош унаа жолундагы Александровка айылында бүгүн, 13-апрелде болжол менен саат 15:00дө Хонда Стэпвагон, «Форд транзит», «Лексус» жеңил автоунаасынын жана маршртуканын катышуусунда жол...

Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы жана Швециянын тышкы...

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкты

Экс президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагына чыкты. Соттун 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомуна ылайык, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу...

Сузакта ала качкан кызды көчөгө таштап качышкан

Сузак районунда 18 жаштагы кызды ала качкандар: «Турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам көчөдө унаасынан түшүрүп, өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан....

Өмүрбек Текебаевдин иши. Прокуратура айыптоону колдоодон баш тартты

Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович...

“Коопсуздук 2021” аскер машыгуусунун алкагында Баткенде укук коргоо орган кызматкерлери сыйланды

Баткен облусундагы ички иштер орган кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнан кабарлашты. Анда, бүгүн Баткен шаарында облустун ар аймактарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге Ички иштер...

Быйылкы олимпиада оюндарында күрөш боюнча өлкөнүн намысын сегиз балбан коргойт

Өлкөнүн күрөш боюнча улуттук курама командасынан Токиодо өтүүчү Олимпиада оюундарына алты балбан жолдонмо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирет. Кыргызстандык спортчулар Олимпиадага 6 лицензияга...

Баткенде 22 жаштагы келин дайынсыз жоголду

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну 1999-жылы туулган Закир кызы Айхан 2021-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен...

“Лайк” үчүн, өспүрүмдөр бир үйдү өрттөп салышты

АКШда бош үйдү өрттөп, социалдык тармакка видео жарыялаган окуучулар кармалды. Бул тууралуу "New York Post" басылмасы билдирди. Окуя Пенсильвания штатындагы Фернандале районунда болгон. Полициянын айтымында,...
video

Ашууда унаа өрттөнүп кетти (Видео)

Бишкек-Ош унаа жолунда автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди. Кырсык эмне себептен келип чыккандыгы тууралуу маалымат учурда такталууда. Окуянын видеосу "Shtraf__kg" телеграм каналына жүктөлдү. https://www.youtube.com/watch?v=7R6CbBTmAN4

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан балыкчынын сөөгү табылды

Ысык-Көлдүн Түп районунда балык уулоого кеткен адамдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. Эске салсак, буга чейин Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1965-жылы туулган Б.А....

Бишкектин 3-кичирайонунан бала табылды, ата-энеси изделүүдө

Кечээ, 12-апрелде, 3-кичирайондо жайгашкан №19 кабаттуу үйдүн балдар аянтчасында азиат улутундагы, болжол менен эки жаштагы эркек бала табылды. Анын ата-энеси изделүүдө. Бул маалыматты Бишкек...

Уурдалган Айзаданын өлүмү боюнча иликтөө эми гана башталат

Уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов бүгүн, 13-апрелде эми гана сурак баштала тургандыгын «Маралга» билдирген. Ал буга чейин Фейсбуктагы баракчасы...

Коронавирустан 4 бейтап каза болуп, 227 адамдан илдеттин диагнозу тастыкталды

Өлкө аймагында дагы 4 адам COVID-19 илдетинен каза болду. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бири Чүй облусунда катталган. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы...