Улуттук Футбол Лигасынын мурдагы оюнчусу Филип Адамс беш кишини өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйганын “Eurosport.ru” билдирди.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Филип Адамс 70 жаштагы дарыгер Роберт Леслини, ошондой эле анын жубайы 69 жаштагы Барбараны жана алардын неберелери 9 жаштагы Ада менен 5 жаштагы Нойду атып өлтүргөн.

Спортчу ошондой эле Лесли үй-бүлөсүнүн кызматкери 38 жаштагы Джеймс Льюисти өлтүргөн.

Мындан тышкары, дагы бир адамдын абалы оор болгон. Йорк округунун шерифи Кевин Толсондун айтымында, шаршембидеги атышууда 45 жана 9 мм калибрдеги мылтыктар колдонулган.

Полиция кызматкерлери Адамсды окуя болгон жерде калган далилдер аркылуу тапкан. Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери Адамстын ата-энесинин үйүнө барып, аларды эвакуациялап, андан кийин футболчуну чыгарууга аракет кылышкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: