Бишкектин 3-кичирайонунан бала табылды, ата-энеси изделүүдө

374

Кечээ, 12-апрелде, 3-кичирайондо жайгашкан №19 кабаттуу үйдүн балдар аянтчасында азиат улутундагы, болжол менен эки жаштагы эркек бала табылды. Анын ата-энеси изделүүдө. Бул маалыматты Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБсинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилери: бою болжол менен 90 см, арык, чачынын түсү ачык.

Үстүндөгү курткасы милитари түстө, сол тарабында “К” деген ак түстөгү жазуусу бар, топусу кызыл, TANGUA деген жазуусу менен. Ичиндеги кофтасы көгүш түстө, джинсы шымы көк, бутундагы кроссовкасы боз, таманы ак.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь