Жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүн шайлоодогу соңку жыйынтыгы 2-майга чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШКдан маалымдалды.
11-апрелде 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланды.
20 күн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары жыйынтыктар тууралуу протоколдорду даярдашат. Келип түшкөн арыз-даттануулар каралат дагы, чечим чыгарышы зарыл. Ал документтер БШКга жиберилет.
БШКнын төрайымы эгер жеңишке жеткен партиялардын бири шайлоочуларды массалык түрдө сатып алууга тиешеси бар экени тастыкталса, анда аймактык шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгара ала турганын белгиледи.