Сузакта ала качкан кызды көчөгө таштап качышкан

1 584

Сузак районунда 18 жаштагы кызды ала качкандар: «Турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам көчөдө унаасынан түшүрүп, өздөрү белгисиз тарапка кетип калышкан. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да ырастады.

Маалым болгондой, 12-апрель күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында 2003-жылы туулган А.Н.ны үйүнүн алдынан чала тааныш болгон Бека аттуу бала үч шериги менен биргеликте эркине каршы күч колдонуп, «Деу Матиз» үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында уурдап кетишкен. Алар Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасынын Дача-Тилек участкасына жеткенде ала качкан бала кыздан «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сураган. Кыз макул болбой турганын айтып, каршылык көрсөткөндүктөн аны унаадан түшүрүп, белгисиз тарапка изин жашырып, качып кетишкен.

Бул факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренесинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектелген жарандар аныкталып, аларды тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери 10 ала качуу фактысы катталган. Анын 8и тосмо арыз берилгендиктен жана арыз жазуудан баш тартышкандыктан өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми эки учур боюнча азыркы тапта тергөө иши жүрүп жатат.

Булак: “Турмуш кж”

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь