Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан балыкчынын сөөгү табылды

572

Ысык-Көлдүн Түп районунда балык уулоого кеткен адамдын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Эске салсак, буга чейин Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1965-жылы туулган Б.А. аттуу жашоочусу 10-апрелде көлгө балык уулоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

Бүгүн, 13-апрелде куткаруучулар, суучулдар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин улантышкан. Маркумдун сөөгү саат 10:40та суудан табылып, милиция кызматкерлери өткөрүлүп берилген.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь