Өмүрбек Текебаевдин иши. Прокуратура айыптоону колдоодон баш тартты

95
Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши боюнча прокуратура мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты.
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичтерге карата жазык иш каралууда.
Аларга карата коррупция фактысы боюнча, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийден анын ишенимдүү адамын “Альфа Телеком” ЖАКун башкарууга киргизүү үчүн мыйзамсыз 1 (бир) миллион АКШ долларын алышкан деген негизде айыптар угузулган.
Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдорго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь