Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды (Сүрөт)

196

Бишкекте түн ичинде Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин 102 кызматына аталган жерде жансыз дене жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарекке ӨКМнын кызматкерлери барып жансыз денени көпүрөнүн алдынан алып чыгуу иштерин жүргүзүшкөн. 5 куткаруучу сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь