ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Парламентаризм сабактары” телеберүүсүнө маек куруп жатып билдирген.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө болуп жатат. Бул мөөнөткө чейин эмделгендердин саны көбүрөөк болушу керек эле.

“Кимдир бирөө ТИМ кызматкери COVID-19га каршы эмдөөдөн каза болду деп жазып койду эле, баары корко баштады. Мындан улам эмдөөнү убактылуу токтотуп, иликтөө жүргүзө баштадык. Көрсө, дипломат балдар ооруканасында антибиотик алып жатып анафилактикалык шоктун кесепетинен каза болуптур. Муну соттук-медициналык экспертиза далилдеди. Учурда дагы деле иликтөө жүрүп жатат. Иликтөө маалында балдар ооруканасынын жетекчиси, ЛОР бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу иштен четтетилди.”

Министр кошумчалагандай, бул жерде чоң шалаакылык бар. Биринчиден чоң кишиге балдар ооруканасында ийне сайылбашы керек эле. Экинчиден антибиотик сайуудан мурда пробасы алынышы керек болчу, -дейт министр. Эске салсак, ТИМдин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакиров 1-апрелде каза болгон. Милициянын маалыматы боюнча, ал ооруканага жеке дары-дармектери менен келип, куйма ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: