УКМК мамлекетке чыккынчылык кылды деп кармагандардын бири саясатчы Марат Казакбаев болушу мүмкүн

680

Кечээ, 13-апрелде УКМК мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен эки кыргызстандыкты кармагандыгы кабарланган.

Жергиликтүү басылмалардын өздүк булактарынын маалыматы боюнча, кармалгандардын бири саясатчы Марат Казакбаев болушу мүмкүн экени айтылууда.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде М.К. жана М.Т. аттуу жарандар мамлекетке чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экенин кабарлаган.

УКМК мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Тергөө иштеринин натыйжалары боюнча кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь