УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектеп эки жаранды кармады

103

Жергиликтүү басылмалар УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген шек менен эки жарандын кармалышын кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, айыпкерлер бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Мындан сырткары кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи, – деген маалымат тараткан УКМК

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь