Мадина базарынын жанындагы аймактын тургундары азандын катуу окулушуна нааразы болушууда. Бул тууралуу “24.kg” басылмасына окурман билдирген.

«Азыр күн жылуу, терезелери ачык, балдар ойгонуп жатышат. Азыр ар бир адамда ойготкуч саат бар, дин ишениминдегилер кайсы убакта дуба кылууну билишет. Мечиттердеги үн күчөткүч стандарттарын жөнгө салган органдар барбы? Мен азанга каршы эмесмин, бирок ченемдер жана түшүнүк болуш керек, адамдар жумушка чейин эс алууну каалайт “, – деп жазган окурман.

Белгилей кетсек, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда диний мекемелердеги үн көлөмүн жөнгө салуучу ченем жок.

Эскерте кетсек, Ыйык Рамазан айы кечээ башталган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: