Азия чемпионатында дагы төрт кыргызстандык балбан медалга ээ болушту

84

Алматы шаарында грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.

14-апрелде чемпионаттын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 5 комплект медаль ойнотулду.

Килем үстүнө кыргызстандык 5 спортчу чыккан. Алардын ичинен төртөө медаль утту.

Алар:

– Руслан Царев (72 кг салмакка чейин) — күмүш медаль;

– Калидин Асикеев (82 кг салмакка чейин) — күмүш медаль;

– Амантур Исмаилов (67 кг салмакка чейин) — коло медаль;

– Бексултан Махмудов (97 кг салмакка чейин) — коло медаль.

Ошондой эле Куттубек Абдыкерим уулу 60 кг салмакка чейинки категорияда 7-орунду ээледи.

Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө дагы кыргызстандык балбандар 4 медаль жеңишкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь