Аламүдүндө 15 аял өздөрүн өрттөйбүз дешүүдө. Жерине өкмөттүн ыйгарым өкүлү келди

227

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 15ге жакын аял өздөрүн өрттөбүз деп, имараттын ичине кирип чыкпай жатышат. Алар бийликке үч талап коюп жаткандыгы айтылууда.

Негизинен талаптар – насыя жана аларга болгон үстөк пайыздар. Алар мамлекет насыянын үстөк пайыздарын жоюп берүүнү талап кылышууда. Андан сырткары, Кыргызстанга 3 % жогору кредиттерди бербөө. Себеби анын айынан жарандар жалгыз үй-жайынан ажырап калышууда, – дешет аялдар.

Өздөрүн өрттөйбүз деп жаткан жарандар менен кыргыз өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев келди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь