Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына ачкачылык жарыялагандардын биринин ден-соолугу начарлап кетти (ВИДЕО)

110

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы ачкачылык жарыялагандардын биринин саламаттыгы кескин начарлап, медициналык тез жардам чакыртылган. Бул тууралуу маалыматты өзүнүн Фейсбук баракчасына Амантур Манапбаев аттуу жаран жайгаштырган.

Ал маалымдагандай, медицина кызматкерлери ачкачылык жарыялап, ден-соолугу начарлаган адамга ачкачылыкты токтотууну сунушташкан. Бирок, ал дарыгерлердин сунушуна көнгөн эмес, -деп билдирет Манапбаев.

Белгилей кетсек, БШКнын алдына 11-апрелде Бишкекте өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор ачкачылык жарыялап чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь