Белгилүү россиялык блогер Амиран Сардаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун небереси, Лола Каримованын кызы Мариям Тилляевага үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эки жаштын үлпөт тою Лас-Вегаста жакындарынын жана досторунун катышуусунда өткөн.
Белгилей кетсек,Мариям – Ислам Каримовдун эң кенже мураскору Лола Каримованын кызы. Ал АКШга 14 жашында окуу максатында барган. Мариам Тилляева Амиран Сардаровдон 13 жашка кичүү экендиги жазылат маалыматта.