“Куруттун баасы да долларга тиешелүү”. Ошто азык-түлүктүн баасы күндөн-күнгө өсүп элдин нааразычылыгын жаратууда

110

Ош шаарында азык-түлүктүн баасы күндөн-күнгө өсүп жатканы элдин нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сатуучулар баалардын кымбаттаганын «доллар өсүп жатат» деп түшүндүрүштү. Керек болсо курут, май саткан жаш бала да «куруттун баасы да долларга тиешелүү» деп түшүндүрдү. Мурда 20 сомго 10 курут келсе, азыр 7 курут сатылып жатат. Буга чейин 1 кг куруттун баасы 250 сом болсо, 280-300 сом болууда.

Баалар:

– Эттин 1 кг 450 сом;

– Пахта майынын 1 литри 120-150 сом;

– Өзгөн күрүчү 140-150 сом;

– Ак күрүч 60-70 сом;

– Картошка 25-30 сом;

– Сабиз 25 сом;

– Кызыл сабиз 30 сом;

– Пияз 15-20 сом;

– Бадыраң 120-140 сом;

– Помидор 150-170 сом;

– Жумуртка 210 сом (10 даана);

– Шекер 60 сом;

– Эң чоң навай нан 80 сом, арзан нан 15 сом;

– Кесме 50-60 сом;

– Ун 1600 сом;

Жалпысынан бардык азык-түлүккө 10-15 сомдон кошулган. Болжолдуу 4 адамдан турган үй-бүлөгө орточо эсеп менен жогоруда көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдү сатып алуу үчүн 5 миң сомдой каражат кетет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь