Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелген Марат Казакбаев 14-июнга чейин камакка алынды

96

Биринчи май райондук сотунун чечими менен мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип жаткан саясат таануучу Марат Казакбаев тергөө маалында 14-июнга чейин камакка алынды.

Буга чейин маалым болгондой, мамлекетке чыккынчылык кылууга Марат Казакбаевден сырткары  Т.М.А. аттуу дагы бир адам шектелип жаткан. Ага карата дагы соттун чечими чыгып, ал камакка 13-июнга чейин алынды. Экөө тең УКМКнын тергөө изоляторунда болот.

УКМК мыйзамдарда буга окшогон кылмыштарды жасап, эгерде ал далилдене турган болсо 10 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь