Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экспертиза дайындалды

110

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Мындай билдирүүнү мурдагы президенттин тарапташы Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумдан кийин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

“Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумунун жүрүшүндө судья Азирет Медеров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын аныктап, билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады”, -деген билдирүү калтырган Жолдубаева.

Ошондой эле сот процесси экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин жылдырылып,соттук отурумга Равшан Жээнбеков келген эмес. Жактоочулары анын ооруп жатканы тууралуу медициналык маалымдаманы алып келишкен. Дарыгерлер Жээнбеков коронавирус жуктурган деп божомолдоп жатышат, – деп кошумчалаган Кундуз Жолдубаева.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь