Октябрдан-апрель айына чейин мамлекеттик бюджетке канча каражат кайтарылгандыгы ачыкталды

180

2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын апрель айына чейин мамлекеттик бюджетке 5 миллиард сомдон ашуун акча каражаты кайтарылган. Ал акчалар убагында кылмыштуу жол менен мамлекеттик бюджеттен чыгарылып же болбосо кайсыл бир коррупциялык схемалардын натыйжасында мамлекетке келтирилген чыгым болуп эсептелет. УКМКнын маалыматына караганда кайтарылган каражаттар:

— 2 миллиард сом мүлк түрүндө;

— 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай кайтарылган;

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, каражаттын бир бөлүгү тергөө амалдары аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөө жыйынтыкталганда толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп бериле тургандыгы айтылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь