Пригородное айылы: Өздөрүн өрттөйбүз деген аялдарга байланыштуу абал курчуп баратат

169

Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы өздөрүн өрттөөгө аракет кылган аялдар менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турмай болду.

Вице-премьер-министрге чейин Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына кирип, өздөрүн өрттөйбүз деген аялдардын тобу менен КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентиев жана аталган райондун акими сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле сүйлөшүүлөргө банк өкүлдөрү дагы кошулган болчу.

Себеби, өздөрүн өрттөйбүз деген аялдардын негизги талабы банктардан алынган насыялардын туумдарын жоюу жана элге берилип жаткан кредиттердин пайыздык көрсөткүчү 3% ашпашы керек деген талап коюшкандыгы белгилүү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь