Тентишев: Пригородное айыл өкмөт имаратындагы окуя боюнча аялдар жоопко тартылбайт

96

Бүгүн, Аламүдүн районунун Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына кирип, бекинип алып, өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар жоопко тартылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев билдирди.

Ал өз сөзүндө, аялдар көтөргөн көйгөйлөр ушул ишембиде саат 10:00дө премьер-министр менен боло турган жолугушууда чечилет.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде эртең менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь