Алымкадыр Бейшеналиев: Журналисттер өлүп калып, жүрбөйлү анан..

520

Бүгүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту дарылоодо уу коргошунду колдонуу керектигин коом алдында айтып, бир топ эле талкууну жаратса, айрым учурда адамдын күлкүсүн дагы келтирди.

Ал өз сөзүн бекемдеп же тастыкташ үчүн журналисттердин алдында уу коргошунду өзү ичип дагы көрдү. Эң кызыгы Саламаттыкты сактоо министри журналисттерди аяп кеттиби, айтор пресс-конференциянын соңунда өзү ичкен чыныны кимдир бирөөнө сунуп жатып:  «Ушуну төгүп, тигини алып (чайнекти көрсөтүп) койгула. Журналисттер муздак ичип алып, өлүп калып жүрбөйлү анан..», — деп бап этти.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь