“COVID-19ду токтотуш үчүн, кыргыз эли көп жылдан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду бере баштасак, оорулар токтойт. Аны бербесек токтобойт”. Мындай пикирин  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 16-апрелде түз эфирде  билдирди.

“Ошол COVID-19ду токтотуш үчүн кыргыз эли көп жылдан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду бере баштасак, оорулар токтойт, аны бербесек токтобойт. Жапаров бул боюнча былтыр 2-мартта, мурдагы президентке кат жөнөткөн. Бирок ал катка маани берилген эмес. Анан Садыр Нургожоевич мага кайрылып, мен өзүмдүн туугандарымдын бардыгын ушул менен айыктырдым, азыркы кезде кыргыз эли кыйналып жатат, сен берип көрбөйсүңбү деди, мен ал кезде жөн эле врач болуп иштөөчүмүн. Алдым дагы өзүмдүн туугандарыма бердим. Туугандарым айыгып чыкты. Экинчи толкун башталганда анда дагы, өзүбүздүн туугандарыбызга бердик. Азыркы кезде кайра башталып жатканда мен Садыр Нургожоевичке кайрылдым. Сиз мага ушуну өзүңүз дозасы менен даярдап бериңиз, анткени Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо балдарынын ичинен ушул Садыр Нургожоевичке үйрөтүп кетиптир”, -деп билдирди Адымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министри, бул дарыны ичкендердин ден-соолугу жакшырып келе жаткандыгын кошумчалады.

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: