Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Назира Артыкова коронавирустук инфекцияны уу коргошун менен дарылоо мүмкүн эмес экендигин kaktus.mediaга билдирди.
Анын айтымында, ал тарап жаткан маалыматты өзү текшерип көрүп, ал – калп экендигине ынанган.
Уу коргошун менен коронавирусту айыктыруу мүмкүнбү деген суроого Артыкова мүмкүн эмес, -деп белгилеген. “Мындай болушу мүмкүн эмес. Бардыгына илимий тастыктоо зарыл”, -деген ал.
Ошол эле учурда, журналисттер президенттин басма-сөз кызматына байланышканда, социалдык тармакта уу коргошун тууралуу маалымат тараган баракча чындыгында президент Садыр Жапаровго таандык экендигин тастыкташкан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустун алгачкы этабында илдетти бир-эки күндүн ичинде дарылоо жолун тапкандыгын белгилеген.