Африкада мергенчилик кылган адамдардын видеолору кеңири таралууда. Кадрлардан алардын казак тилинде эркин сүйлөгөнүн көрө аласыз. Жаныбарларды мыкаачылык менен атып салган адамдардын мыкаачылыгы көрсөтүлгөн видео интернет колдонуучулардын кыжырына тийүүдө.
Видео “Silk Road” Youtube каналында пайда болду. Анда алардын сафарида аңчылык кылып жүргөндөрү көрсөтүлгөн. Мылтыкчан адамдар алгач жирафты атып, андан кийин зебраны унаага салышкан.